Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Алайлык классташтар көк бөрүдөн 2 автоунаа утушту (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында көк бөрү мелдеши жыйынтыкталып, 1998-жылы туулган жигиттер менен 1985-жылы төрөлгөн жигиттер автоунаага ээ болушту. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Азим Самиев билдирди.

Анын айтымында, көк бөрү оюну жыйынтыкталып, бүгүн аламан байге өткөрүлүп жатат.

«Көк бөрүгө жалпы 27 команда катышкан. Биз эки муунга бөлүп өткөрдүк. 1988-2000-жылы төрөлгөн жаштар арасында жана 1987-1975-жылкы мырзалар арасында өттү. Жыйынтыгында жаштар арасында 1-орунду 1998-жылкы балдар ээлеп, унаа менен сыйланды.

2-орунду 1992-жылкы балдар ээлеп тай алса, 3-орунду 1989-жылкы балдар ээлеп, муздаткыч менен сыйланды. 4-орунду 1993-жылы төрөлгөн жигиттер ээлеп, меш утуп алышты. Ал эми чоңдор арасында 1-орунду 1985-жылкы мырзалар (унаа), 2-орунду 1978-жылкы мырзалар (тай), 3-орунду 1987-жылы төрөлгөн жигиттер (муздаткыч), 4-орунду 1982-жылкы мырзалар ээлешти (меш утушту)», - деди ал.

Аламан байгенин жеңүүчүлөрүнө да 1 автоунаа даярдалган.

Сүрөттөрдүн автору: Канат Шарипбеков

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2494
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 0 адам окуп жатат)
×