Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Алайда жаш дарыгерлерге жатакана берилди (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда башка аймактардан келген жаш дарыгерлер жатакана менен камсыз болушту. Бул тууралуу райондук саламаттыкты сактоонун координатору Гүлнур Алыкулова билдирди.

Анын айтымында, аймактык оорукананын эски эмканасынын бир тарабы толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жатакана болду.

«Биздин райондо башка облустардан келген жаш дарыгерлер көп. Алар буга чейин батирде жашап жатышкан. Айыл өкмөттүн жардамы менен аймактык оорукананын бюджетинен каражат бөлүнүп, эски эмкана капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда жатаканада 8 дарыгер жашап жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2290
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×