Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Алайлык Ү.Кадыркулов улак тартыштан унаа утуп алды (фото, видео)

Turmush -  Алай районунда кечээ, 5-январда улак тартыш мелдеши өтүп, анда оюнчу Үсөн Кадыркулов баш байгеге коюлган унааны утуп алды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Азим Самиев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн улакчылар келишкен.

«Улак тартыш аябай кызуу өтүп, жыйынтыгында Үсөн Кадыркулов баш байгеге коюлган унаага ээ болду. Ал эми Эркин Токтосунов тай утту. Байгелерге жалпы 1 унаа, 3 тай, тиричилик техникалары коюлган», - деди А.Самиев.

Улак тартыш Алай районунун Гүлчө айылынын 1982-жылы туулган тургундары тарабынан уюштурулган. Жалпы байгеге 3 унаа, 5 тай, 450 миң сом коюлган. Андан 2 унаа жана 2 тай көк бөрү мелдешине берилген.

Улак тартышка Алай району боюнча жалпы миңдеген адам катышкан. Мындан сырткары, уюштуруучулар Гүлчө айылынын жаштарына волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурушууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4352
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×