Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ош

Видео, фото - Баш байгеге биринчи жолу алтын кур: Ноокатка Өзбекстандан бери келген 1000 улакчынын кызуу оюну

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айылында тоонун арасында кечээ, 7-январда уюштурулган улак тартыш оюну өзгөчө өттү. Улак тартышка Өзбекстан жана Кыргызстандын облустарынын топтолгон улакчылар түштү, деп билдирди кабарчы.

Ал эми, аттардын саны миңге жетип, оюнга күбө болгон көрүүчүлөрдүн саны 5 миң адамдан ашкан. Улак тартыштын байгесине акчалай белектер, 30 кой, 25 тай, 10 төө, 2 автоунаа жана баш байгеге атайын даярдалган алтын кур коюлуп, жыйынтыгында алтын курду Дурус аттуу улакчы тагынды. Ал эми, автоунаа Нуржигитке буйруду. Ошондой эле, башка катышуучулар акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Кыргызстанда байгеге биринчи жолу алтын кур коюлган улак тартышты жергиликтүү тургун Жоомарт уулунун сүннөт тоюнда уюштурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7584
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×