Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ош

Жогорку Кеңештеги депутаттын үйүнөн ок атуучу куралдар уурдалды (толукталды)

Turmush -  Жогорку Кеңештеги депутаттын Оштун Ноокат районунда жайгашкан турак үйүнөн ок атуучу 2 даана курал жоголду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда бул окуяга байланыштуу тактоо жана ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдар үйдө киши жок учурда уурдалган. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан куралдардын уурдалышы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Кийинчерээк жоголгон куралдар Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновго таандык экени белгилүү болду. Бул маалыматты депутат өзү Turmush басылмасынын кабарчысына тастыктап, аңчылык кылуучу каралдар уурдалганын айтты.

«Айылдагы үйдө эч ким жок болчу. 4-январь күнү агам үйгө барса буюмдар чачылып жатыптыр. Уурулук жаңы жылга чейин болгон окшойт. Аңчылык кылган куралдардын лицензия, уруксат кагаздары бар. Башка буюмдардын уурдалганын тактап жатабыз», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3980
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×