Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.01.2018 14:35

Москвада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки дос Өзгөндөн барышкан

Turmush -  Москва шаарында жансыз денеси табылган эки адам Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургундары болуп чыкты. Алар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Маркумдарды туугандары 2017-жылдын 28-декабрынан бери издеп жаткан болчу.

Маркумдардын өздүгү такталып, биринчиси — 1981-жылы туулган М.М., экинчиси — анын досу И. экени маалым болду. Туугандарынын айтымында, М.М. уулуна операция жасатууга каражат табуу үчүн Москва шаарына окуядан бир ай мурун барган. Анын артында 2 уулу калды.

Учурда эки адамдын денесин Кыргызстанга алып келүү үчүн мекендештер каражат чогултуп башташты.

Буга чейин социалдык тармактар аркылуу Москва дарыясынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 2 адамдын денеси табылганы жарыяланган. Аларды балыкчылар 30-декабрь күнү табышкан.

Кийинчерээк АКИpress агенттигине булактар Москва шаарында өлтүрүлгөн кыргызстандыктар Улан Токтосуновдун (кайманы аты «Сакал») уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун билдиришти.

Аталган факты боюнча Москва облусунун тергөө комитети Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин негизинде кылмыш иш козгоду. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Маркумдар

Сүрөттө өлтүрүлгөндөрдүн бири — И.Ж. У.Токтосунов менен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×