Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.01.2018 21:37

Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү оорукананын 2 кабаттуу имараты 10 жылдан бери бош турат (фото)

Turmush -  Өзгөндүн Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Шоро-Башат айылында 2 кабаттуу оорукана ишин токтотуп, имарат көп жылдан бери бош турат. Учурда айыл өкмөттүн эли ооруканага муктаж. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Муратбек Кыргызбаев билдирди.

Анын айтымында, оорукана 1991-жылы курулган. Бирок акыркы 10 жылдан бери иштебей турат.

«1991-жылы оорукана курулганда терапия, төрөт үйү бар эле. Бир жылдары медицинада реформа жүрүп, терапия бөлүмү 6-7 жыл иштегенден кийин жабылып калды. Каржы жоктугунан штаттар кыскарып кетти. 2007-жылы төрөт үйү да жабылып калган.

Андан бери жергиликтүүлөр айылга келген жетекчи, депутаттардан оорукананы калыбына келтирип берүүнү суранышат. Элибиз райондук ооруканага каттап кыйналып жатышат. Быйыл имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 6,5 млн сомдук долбоор иштелип, сметасы түзүлүп, Ош облустук курулуш башкармалыгына жөнөтүлдү. Учурда долбоор каралып жатат. Ишке ашып калса быйыл оңдоо иштери жүргүзүлөт», - деди М.Кыргызбаев.

Аталган оорукананын 2 кабаттуу имараты учурда бош турат. Ал эми жанындагы бир кабаттуу имаратта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×