
Turmush - Өзгөн районунда жыл башынан бери 5 чөө атылды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Өзгөн району боюнча инспектору Рустам Абдыкеримов билдирди.
Анын айтымында, 10 күн бою райондогу Ак-Жар, Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүндөгү мергенчилер зыян жаратып жаткан чөөлөргө ууга чыгышкан.
«Азырынча малдарга кол салган чөөлөрдү гана атып жатабыз. Тоого жакын айылдарда карышкыр көбөйүп жатат деген маалыматтар түшүүдө. Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркы тарапта карышкыр көп болууда. Эми карышкыр атууга чыгабыз», - деди Р.Абдыкеримов.
Учурда чөө аткан мергенчилер терини мергенчилик инспекциясына тапшырса 2 миң сом, ал эми карышкырдын терисин тапшырса 6 миң сом сыйлык алып жатышат.