Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.01.2018 16:13 На русском

Фото - Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды, арасында кош бойлуу аял бар

Turmush -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген адамдардын тобу Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалышты. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттигине милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 1982-жылы туулган К.В., 1993-жылы туулган К.О., 1992-жылы туулган Б.Д., 1993-жылы туулган К.Р. аттуу адамдар «Ууру» деп аталган рейд учурунда кармалышкан.

«Алар Бишкек жана Ош шаарларындагы дарыканаларда, соода борборлорунда, базаларда алдамчылык иштерин жасап, ал тургай Казакстанда дагы иштөөгө жетишкен. Бүгүн күндө бул адамдар 20 алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатышат. Кармалгандардын арасында кош бойлуу аял бар», - деп билдиришти милициядан.

Азыркы тапты жабырлануучуларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×