Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.01.2018 14:22 На русском

Айыл турмушу: Өзгөндүк дыйкан атайын билим алып, күндүн нурунан энергия алуучу күнөскана куруп баштады

Turmush -  Өзгөн районунун Шоро айылынын 67 жаштагы тургуну Өмүралы Жаркынбаев, күндөн энергия алуучу күнөскана куруп жатат. Ал мындан 3 жыл мурун да өз алдынча күнөскана куруп, бирок жакшы пайдалана алган эмес. Учурда атайын адистердин көмөгү менен күндөн энергия алуучу күнөскана куруп жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

«Мен кесибим боюнча куруучумун. Мындан 3 жыл мурун сыналгыдан күнөскана курган ишкерлерди көрүп кызыгып калдым. Кичүү уулум менен бирге өз алдыбызча күнөскана куруп, помидор эктик. Биздин помидорлор жакшы мөмө берди. Бирок 1,5 ай кызарбай койду. Биз помидорлорду кышкысын сатыкка чыгарууну көздөдүк эле. Бирок жаз алды менен гана кызарды. Көрсө биз жылуулук бербей эле помидорлордун кызарышын күтө бериптирбиз. Быйыл уулум экөөбуз атайын окуудан өтүп, күнөскана иштетүү, агрономия боюнча билим алып келдик», - деди Ө.Жаркынбаев.

Жаңы курулуп жаткан заманбап күнөскана жалпы 2 сотых жерди ээлейт. Бул күнөскананын башкалардан өзгөчөлүгү жылуулукту бирдей температурада кармаганында. Башкача айтканда, күнөскананын ичиндеги таштар күндүз энергияны күндөн алып, кайра түнү менен чыгарат. Жыйынтыгында бөлмөнүн орточо температурасы 16 градустан төмөн түшпөйт.

«Бизге бейөкмөт уюмдар дагы жардам берип жатат. Мындай өзгөчө күнөскана курууну да бизге бейөкмөт уюмдардагы адистер үйрөтүштү. Учурда үй шартында көчөттөрдү алуу үчүн уруктарды эгип койгонбуз. Күнөскана даяр болгондо помидордун көчөттөрүн отургузуп баштайбыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×