Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыштар: Кара-Сөгөт айылынын аталышы көп өскөн талдарга байланыштуу (видео)

Turmush -  Ар бир айылдын аталышы өзүнчө тарых. Бул жолу аймактык кабарчы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Сөгөт айылынын аталышын чечмелөөгө аракет кылды.

Бул айылдын аталышы боюнча бир нече версиялар бар. Аталган айылдын тургуну Абдраим Калыев аталардан укканын айтып берди.

«Менин угушум боюнча айылдын жогорку жагынан тунук булак чыкчу экен. Ошол тунук булакты элдер Сөгөт деп атачу дешет. Булактын жанында кара талдар өскөндүктөн эл кара талдар менен Сөгөттү бирге айтып жүрүп, Кара-Сөгөт деп атап алышкан», - деди ал.

Ал эми, жергиликтүү жашоочу Кенжебай Абыталиев айылдын аталышын башкача сүрөттөйт. Анын айтымында, кара тал деген сөздөн улам Кара-Сөгөт деген аталыш чыккан.

«Атамдан укканым боюнча, мурун айыл түптөлө элегинде кара талдар өсүп турчу экен. Талды мурун сөгөт деп айтышчу. Ошондуктан кара сөгөт деп аталып жүрүп, биздин айыл Кара-Сөгөт болуп калган дешет», - деди ал.

Ош облусунда 2007-жылы жаңы жылдын түнүндө жана биринчи күнү болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен бүтүндөй бир айыл (Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылы) кыйрап, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Ош шаарында 300 чакты үй, 8 мектеп, 1 оорукана, 1 клуб жарактан чыккан. Бул жаратылыш кырсыктан Кара-Сөгөт айылындагы үйлөрдүн 70 пайызы да кыйроого учураган эле.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5350
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×