Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу 18.01.2018 08:53 Жаңыланды: 18.01.2018 10:23

Фото - Оштогу Муратовдордун окуучу балдары шахмат мелдешинен бир нече алтын медаль тагынышты

Turmush -  Ош шаарында жашаган Айнура Абдилазизова 3 уул, 1 кызын шахмат менен тарбиялайт. Ал балдарына шахматтагы тактыкты, сактыкты үйрөтүп жатканын айтты.

А.Абдилазизова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына балдарынын ийгиликтери тууралуу айтып берди.

«Жолдошум экөөбүздүн ортобузда 4 балабыз бар. Балдарыма интернеттен азгыруучу оюндарды ойногондун алдын алуу үчүн шахмат оюнун үйрөттүм. Балдарымдын кызыгуусу артып, шахматтан ийгиликтерге жетүү менен медаль ала башташты. Азыркы учурда балдарымдын сыйлыктары биздин үй-бүлөнү алдыга көздөй шыктандырып жатат. Ар бир баламдын өз аракети ийгиликке жеткирүүдө. Азыртадан алтын медаль тагынган балдарым шахмат тармагын өнүктүрөт деп ишенем», - деди ал.

Жаш шахматчыларды тарбиялаган А.Абдилализованын 6 жаштагы уулу Ариет жакында Кыргызстандагы 200 шахматчынын арасында жеңишке жетишти. Анын агалары дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

«6 жаштагы уулум Ариет Бишкек шаарында өткөн шахмат фестивалында 6 жаштан 16 жашка чейинкилер арасында жеңүүчү болду. Ал жерден алтын медаль тагынып келди. Эң кичүү уулумдун ийгилиги биздин үй-бүлөнү катуу кабандырды. Буга чейин 10-класста окуган уулум Даниел дагы шахматтан бир нече жолу жеңишке жетишкен. Мындан сырткары дүйнөлүк робот жасоо сынагында дагы алтын медель тагынган. 3-класста окуган уулум Тариел “Алтын күз” сынагында шахматтан жеңишке жетишип, алтын медаль алган. 8-класста окуган кызым Диана дагы шахматка кызыгат. Анын дагы ийгиликтери көп. Шахматчы уулдарым менен сыймыктанып, шахматчыларды тарбиялаганыма кубанып отурам. Мындан ары дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандын желегин желбиретебиз деген максатты коюп жатабыз. Азыркы учурда балдарым үйдө бири-бири менен ойноп тажрыйба топтоп жатышат», - деди А.Абдилазизова.

Шахматчы үй-бүлөдөгү окуучулар учурда мектеп-лицейде билим алышат.

«Мен өзүм шахматты жакшы ойночумун. Көптөгөн сынактарда жеңишке жетишкем. Балдарым менин өнөрүмдү улап жатышат. Мен медицина тармагы боюнча билим алгам. Бирок кесибим боюнча иштебей, жолдошум менен биргеликте сүрөт салонун иштетебиз. Балдарыбызга көбүрөөк убактыбызды бөлүп, алардын билимине олуттуу карайбыз. Жолдошум дагы өзүнүн педагогикалык кесиби менен иштебейт», - деп кошумчалады.

Айнура Абдилазизова учурда 39 жашта, ал эми жолдошу Ташмат Муратов 43 жашка толду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×