Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Дүйнө жана Азия чемпионатында медаль тагынган кара-кулжалык спортчуларды сыйлашты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-январда Кара-Кулжа районунда 2017-жылы ийгиликтерге жетишкен спорт чеберлери сыйланды. Аларга Кара-Кулжа райондук администрациясынан дипломдор жана 5 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

Сыйлык алган спортчулар:

- 2017-жылы Сочиде өткөн самбо боюнча дүйнө чепионатында өзүнүн салмагы боюнча дүйнө чемпиондугун багындырган Райимкул уулу Бекназар;

- Литвада өткөн алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда дүйнө чемпиону аталган Мамарасул кызы Алтынай;

- Сочи шаарында өткөн дүйнө чемпионатында өзүнүн салмагында 2-орунду багындырган Афтандил уулу Орозбек;

- Ашхабадда өткөн Азия оюндарында күжүрмөн самбо боюнча 3-орунду ээлеген Маматемин уулу Салмоорбек;

- самбо боюнча Ташкент шаарында өткөн Азия чемпионатында 3 орунду ээлеп, Кореяда өтүүчү дүйнө чемпионатына жолдомо алган Абай Карабаев.

Сыйлоо аземинин соңунда спортчуларга атайын даярдалган концерттик программа тартууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 869
Көп окулду
×