Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Юсупов айылдык кеңешинин төрагасын түн ичинде коркуткандар кармалды

Turmush -  Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы Бабур Маннановду түн ичинде коркутуп, депутаттыктан баш тартууга чакыргандар кармалды. Бул тууралуу Бабур Маннанов өзү билдирди.

Анын айтымында, аны спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер коркутууга алган.

«Белгисиз адамдар мени коркутууга алды. Алар мени айылдык кеңиштин депутаттыгына талапкерлигимди коюудан баш тартуумду талап кылышты. Эгер депутаттыктан баш тартпасаң үй-бүлөңө, өзүңө коркунуч жаралат деген сөздөрдү айтты. Мен милицияга арыз жазып, текшерүүнүн жыйынтыгында мени коркутууга алган 2 шектүү кармалды», - деди ал.

Араван райондук ички ичтер бөлүмүнөн бейбаштык боюнча кылмыш иш козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Юсупов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешиндеги депутаттарды шайлоо 28-январга белгиленген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1701
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×