Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 25-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Ленин районунун Ак-Ордо конушундагы Ак-Жол көчөсүнүн №3 дарегиндеги 2 кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Өрт учурунда 200 чарчы метр чатыры, ички жасалгасы жана 100 чарчы метр бастырманын чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле, отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан улам Оштогу Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылында мал сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 80 чарчы метр чатыры жана 60 түк чөп күйдү. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1285
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×