Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Кара-Сууда эки мугалим чачташты. Эми директор кошо жумуштан кетиши мүмкүн

Turmush -  Кара-Суу районундагы мектептердин биринде эки мугалим (аял кишилер) чачташканга чейин жетишкен. Анын кесепетинен мектеп директору жана 3 мугалимди кызматынан бошотуу маселеси каралып жатат.

Turmush басылмасына маалым болгондой, уруш Ачы айылындагы орто мектепте иштеген мугалим менен директордун окуу иштери боюнча орун басарынын ортосунда чыккан. Алардын чачташканы тууралуу маалымат түшкөнүн Кара-Суу райондук администрациясы да тастыктады.

Анын негизинде райондон түзүлгөн комиссия аталган айылдагы орто мектепке барып, окуяны териштирген. Жыйынтыгында бул жаңжалга тиешеси бар делген эки мугалимди, мектеп директорун жана анын орун басарын жумуштан четтетүү маселеси каралып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13116
Көп окулду
×