Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 26.01.2018 20:01 На русском

Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү эки айыл жарыктандырылды

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү эки айылдын көчөлөрүнө түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар орнотулду. Айыл өкмөттүн башчысы Таирбек Жайчибековдун айтымында, Чак жана Жаш-Тилек айылдарында эми түнкүсүн да жарык болуп турат.

«Биздин айыл өкмөттө жалпы 7 айыл бар. 5 айылыбыз толугу менен жарыктандырылды. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 2 айылга дагы жарык берүүчү жабдуулар коюлат.

Бул жолу Жаш-Тилек айылындагы 3 км 900 м жолго чырактар орнотулуп, 1 млн 884 миң 216 сом сарпталды. Ал эми Чак айылындагы 3 км 750 м жолго чырак орнотууга 1 млн 542 миң 205 сом коротулду. Каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган», - деди Т.Жайчибеков.

чон

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×