Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуНоокат району 26.01.2018 11:11

Ноокатта иске ууланган киши каза болуп, 3 баласы жана аялы ооруканага түштү

Turmush -  Ноокат районунун Гулистан айыл аймагында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү иске ууланып, 4 адам ооруканага түштү. Ал эми, үй ээси — 36 жаштагы эркек киши ооруканага жетпей көз жумган.

Аймактык оорукананын маалыматы боюнча, учурда 8 айлык наристе, 7 жана 3 жаштагы балдар жана үй ээсинин аялы дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулар 25-январга караган түнү көмүр исине ууланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×