Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуАраван району 29.01.2018 20:51

Юсупов айылдык кеңешине 31 депутат шайланды

Turmush -  Кечээ, 28-январда Араван районунун Юсупов айылдык кеңешине шайлоо өтүп, 31 депутат шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Араван районундагы өкүлү Саида Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, 31 депутаттык орунга 69 талапкер ат салышкан.

«Учурда добуштар толук эсептелип жатат. 3 күндүн ичинде жеңишке жеткен талапкерлердин тизмеси такталат. Шайлоого байланыштуу олуттуу арыз-даттануулар түшкөн жок. Ооз эки кайрылуулар жеринде чечилди», - деди ал.

2017-жылы Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо 2 ирет кворум болбой, депутаттар тарап кеткен эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×