Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.01.2018 14:50

Кара-Сууда 34 жаштагы аялдын буттарын үшүк алды

Turmush -  Кара-Суу районунда 34 жаштагы аял буттарын үшүккө алдырды. Учурда ага дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал ооруканага бүгүн, 29-январда саат 12:00 чамасында жеткирилген. Анын өздүгү такталып, Кең-Сай айыл аймагындагы Савай айылынын 1984-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Дарыгерлер текшерүүдөн кийин эки бутунун башы жабыркаганын айтышты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде Бишкек шаарынын аймагында катуу сууктан 13 адам жабыркаганын билдирген. Анын ичинен экөө дарыгерлер жеткиче көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×