Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Өзгөн — Ош облусундагы эң мыкты район

Turmush -  Өзгөн району Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн 1-даражадагы диплом жана 70 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Сыйлыкты кечээ, 29-январь күнү вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиевге тапшырды.

Аталган райондо 25 жылдан бери токтоп турган кирпич чыгаруучу завод 2017-жылы ишке кирген. Мындан сырткары жалпы жыл ичинде өнөр жай, кайра иштетүү багытында 10 ишкана ачылып, 207 иш орундары түзүлдү. Ал ишканаларга тартылган жалпы инвестиция 54 млн 803 миң 500 сомго жеткен.

Ошондой эле, 2018-жылы да бир ишкана ачуу планы турат. Ал ишкана «Аталык Өзгөн» (сыра завод) ишканасынын базасында уюшулган. Багыты — сарымсак өстүрүп, аны кайра иштетип, дыйкан-фермерлерди жогорку түшүмдүү сарымсак уругу менен камсыз кылуу.

Ош облусундагы эң мыкты районду Олжобай Осмоналиев 2017-жылдын март айынан бери жетектеп келет.

Аким Олжобай Осмоналиев

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2138
×