Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 01.02.2018 09:23

Эл ичи — өнөр кенчи: Кара-кулжалык Айлира акындык өнөрү менен бир катар сынактарда жеңүүчү болду (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айылынын 21 жаштагы тургуну Аким кызы Айлира акындык өнөрү менен бир катар сынактарда жеңүүчү болгон. Аймактык кабарчы акын кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде 3-курста окуп жатат.

«Ыр жазууга болгон шыгым 9-класста пайда болду. Үй-бүлөмдө ыр жазган адам деле жок. Бирок апамдын таятасы айылда баарына таанымал төкмө акын болгон экен. Ыр жазуу өнөрү апамдын таятасынан өткөн го деп ойлоп калам. Кээде ыр жазууга толук бир күнүңдү арнасаң деле ыр жазылбайт. Бул илхамдын келишине байланыштуу.

Ыр жазуудан сырткары комузда ойноп, ырдап калам. «Жаңы агым» адабий клубунун жана «Жигер» чыгармачылык борборунун мүчөсүмүн. Буга чейин «Кут даарыган дүйнөнүн тиреги сенсиң аялзат» аталышындагы дил баян сынагында 1-орунду ээлеп, акчалай сыйлык алгам. Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринин арасында өткөн ыр сынакта 2-орунду алдым. Ысык-Көлгө барганымда «Ысык-Көл кабарлары» гезитине ырларым жарыяланып турду.

Алдыда ырларым камтылган китебимди жарыкка чыгарууну ойлоп жатам. Келечекте «Кыргыз эл акыны» наамын алууну кыялданам», - деди ал.

Акын кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Арзуу

Жүргөн чагым жыйырманын кырында,
Жаштык кезим сиңээр бекен кылымга?
Жүрөктөгү айтыла элек сырларым,
Жашырынып жүрсүн дайым ырымда.

***
Мен апама дагы эле эркемин,
Моюн сунбай көп нерсеге келемин.
Мен теңдүүлөр турмуш куруп жатышса,
Мен атама дале болсо тентекмин.

***
Ата-энемди жер каратпай жүрөйүн,
Артыкчылык менен окуп бүтөйүн.
Бакыт кушу колдон алып жетелеп,
Бала багып жүздөрүнөн сүйөйүн.

***
Жарышып мезгил менен алга улам,
Жарайын эл-журтумдун керегине,
Сапырып өйдө-ылдый калчап улам,
Салаары чын тагдыр мени элегине.

Студент досторго

Окшош өтөт таңдан кечке күнүбүз,
Жатакана болуп биздин үйүбүз.
Окшоп калат ал тургай да кээ учур,
Бирибизге бирибиздин сүйүүбүз.
***
Кээде аткарып, кээде аткарбай тапшырма,
Калабыз го уктап түнү жашырба,
Кайдагы бир шылтоолорду таап алып,
Кулактарга «лапша» илип ашырба.
***
Лекцияны жазбай кээде уктайбыз,
Айрым учур мугалимди укпайбыз.
Экзамен, модуль болуп калганда,
Тоок болуп китепканадан чыкпайбыз.

Бир көлөчтүн арманы

Жатамын таштандынын арасында,
Эч кимге керегим жок иштен чыгып.
«Ыргыт» деп кожоюнум буйрук берип,
Карматты мени ойноо баласына.

***

Теңимен ажырадым чоң той күнү,
Билбедим кай тарапка кеткендигин.
Апкыттан тебелешип кийип жүрдү,
Масы да, соосу дагы ошол түнү.

***
Адамдар парасаты жетпей калып,
Адашып кийип кетип калды бекен?
Же күчүк сүйрөп барып алыс жакка,
Тытмалап тиштегилеп салды бекен?

***
Базардан сатып алып жатканында,
Экөөлөп тандап жатып алган эле.
Ар ишке жанталашып шашканында,
Биригип жардам берип баскан элек.

***
Адамдар мендей тагдыр күтпөсүнчү,
Теңинен, түгөйүнөн ажырашпай.
Жашашсын өлчөмдөрү төп келишип,
Ыңгайсыз күн баштарына түшпөсүнчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×