Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Араванда мурунку жылы 9-класста окуган 5 кыз турмушка чыккан

Turmush -  Араванда 2017-жылы 9-класста окуган 5 кыз үй-бүлө курган. Алардын ичинен экөөнүн ата-энесине 100 миң сомдон айып салынганын райондун акиминин орун басары Музафар Мамасаитов билдирди.

Анын айтымында, жашы жете электе турмушка чыккан окуучулардын бири жайкы эс алуу учурунда көз жарды.

«2017-жылы Араван районунда 9-класста окуган 5 кыз турмушка чыккан. Алардын бирөө жайкы эс алуу учурунда балалуу болду. 1 үй-бүлөгө кылмыш иш козголуп, иш сотто каралып жатат. 2 кыздын үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон айып салынып, дагы экөөнүн иши териштирилип жатат.

Учурда өспүрүм кыздарды турмушка берүүнү токтотуу максатында текшерүүлөр улантылууда. Бардыгы мыйзам чегинде каралып, укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1930
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×