Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу 01.02.2018 14:38 На русском

Айыл турмушу: Н.Момунбаев зергерчилик өнөрүнүн артында экс-президент менен бирге Ташкентке чейин барган (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Надыр Момунбаев 20 жылдан бери зергерчилик менен алектенип келет. Бул өнөрүн Ташкенттен үйрөнүп келген зергер Ош шаарында зергерчилик окуу борборун түзүүнү максат кылууда.

Ал башкалардан айырмаланып түрдүү зер буюмдарды колго жасайт. Бул өнөрүнүн артында экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация менен Өзбекстанга да барып келген. Бул тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги Маданият техникумунун режиссерлук бөлүмүндө билим алып баштадым. Студент болуп жүргөн кезде зергерчиликти үйрөтүүчү окуу бар экенин билип, ал жакка бардым. Менин бул тармакка болгон кызыгуум студент кезде башталды десем болот. Окуу жайды аяктагандан кийин өзүм өскөн Ош шаарыма келип, кесибим менен алектенип жатам. Негизинен күмүш, алтын менен иштейм.

Бизде атайын шакектердин, чынжырчалардын калыптары болот. Ал эми колго сөйкөлөрдү, шакек, чынжырчаларды да жасайбыз. Бизде кол иши жакшы баалабагандыктан сатыкка чыгарбайм. Көргөзмөлөргө гана алып барам», - деди уста.

Надыр мырза эмгектерин Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көргөзмөгө алып чыгып, «Кылым зергери» наамына ээ болгон.

«Зергерчиликте да кызыктуу окуялар көп болот. Мен Экинчи көчмөндөр оюнуна катышып калдым. Жамгыр жаап, көргөзмөнүн аягында катышуучулар буюмдарды салыштыра башташты. Мен жалгыз барганым үчүн шеригим жок, буюмдарды жыйнабай турдум. Бир убакта бейтааныш аял келип, ага жасаган буюмдарымды көрсөттүм. Көрсө ал Американын Кыргызстандагы мурунку элчиси Шейла Гуолтни экен. Элчи менен таанышуу бактысына ээ болуп, анын сунушу менен кийин башка көргөзмөлөргө катышып келдим. Шотландия, Франция мамлекеттеринен келген элчилер менен да жолугуштум.

Экс-президентибиз Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барганда мен да көргөзмөгө катышып келдим. Президент менен учурашкандагы учурду сөз менен жеткире албайм. Ошондо адамды акча эмес, эмгек гана көккө жеткире турганын сездим», - деди Н.Момунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×