Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуАлай району 02.02.2018 10:17

Алайда 5 күн мурун ууга кеткен аңчыны 170 адам издеп чыкты

Turmush -  Алайда ууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан аңчыны издөө иштери бүгүн, 2-февралда дагы улантылып жатат. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, саат 08:40 чамасында ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнөн 11 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 110 адам, РИИБден 19 кызматкер, Бүлөлү айыл аймагынан 31 адам издөө иштерине чыгышты.

Будалык айыл аймагына караштуу Октябрь айылынын тургуну Д.Матишов 28-январда саат 08:00 чамасында Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң уулоого кетип, ошол бойдон дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөсү менен байланышкан.

Алгач аны жакындары өз алдынча издеп, куткаруучуларга 30-январда билдиришкен.

31-январдагы издөө иштери:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×