Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү чуулуу видео: Окуя айыл башчынын кызмат ордуна байланыштуу

Turmush -  Мындан бир нече күн мурун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовдун иш бөлмөсүндө тартылган чуулуу тасма интернетке жарыяланып, айыл өкмөт башчы сынга кабылган эле. Бул окуя Кара-Суу районунун администрациясына чейин жетип, 1-февраль күнү окуяга тиешеси бар делген Ташмамат Айбашев жана айыл өкмөт башчысы чакырылган.

Чуулуу видео боюнча аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчынын орун басары түшүндүрмө берди. Ал эми айыл өкмөт башчы райондогу жыйынга кеткенине байланыштуу окуя тууралуу андан жооп алууга мүмкүн болгон жок.

«Төлөйкөн айылынын мурунку башчысы Абсатаров өз каалоосу менен жумушун тапшырганына байланыштуу кайрадан айыл башчыны шайлоо керек болчу. Өкмөттүн жаңы токтому боюнча айыл башчыны айыл өкмөт башчы өзү эле тандап койсо болот. Бирок биз талаш болбосун деп элдин өзүнө кайрылганбыз. Элге "кимди шайлайсыңар, кимдин талапкерлигин көрсөтөсүңөр?" деп суроо койгонбуз. Көпчүлүк эки адамды айыл башчылыкка сунушташкан. Бири — Калык Нурматов, экинчиси — Ташмат Айбашов.

Төлөйкөн айылынын 5 км жогору жагында Бодур-Таш аймагы бар. Биз ар дайым айыл башчыны шайлагандан кийин жардамчысын да шайлачубуз. Анткени Төлөйкөн айылы менен Бодур-Таш аймагы алыс болгондуктан бир айыл башчы жетишпей калат. Эл эки адамды колдоп бергенден кийин биз тиешелүү документтери дал келсе иш орду бекитилет деп жыйынды жыйынтыктап келдик. Арадан эки-үч күн убакыт өткөндө Ташмат Айбашев Төлөйкөн айылынын башчылыгына дайындалышына каршыбыз деген 27 адамдан арыз келген. Арыз келгенден кийин жумуш баштала электе арыз түшө баштады деп анын ишин токтотуп койгонбуз. Андан соң Ташмат Айбашевдин тарапташтарынан дагы арыз келген.

Жаңы жылга байланыштуу Ташмат Айбашевдин ишин кароону токтотуп койгонбуз. Анткени биз бир жылдык отчет тапшырышыбыз керек эле. Айыл башчылыкка көрсөтүлгөн эки адамдын ичинен Калык Нурматовдун документтерин караштырып, убактылуу айыл башчы кылып дайындаганбыз.

Ал эми айыл өкмөттүн иш бөлмөсүндө чыр чыгаргандар Айбашевдин тарапташтары болуп саналат. Алар "Калык Нурматовду иштен алып, Ташмат Айбашевге азыр буйрук чыгарасың. Калык Нурматовду Айбашевдин жардамчысы кылып буйрук чыгарып бересиң" деп талап коюшкан. Аларга айыл өкмөт башчы "Аны кайсы мыйзамдын негизинде айыл башчы кылам? Мага ошондой мыйзамды көрсөт, мен ошонун негизинде анын иш ордун бекитип берейин" деп жинденген. Бул учурду видеого тартып алгандар интернетке жарыялап жиберген», - деди ал.

Интернетке жарыяланган видеотасма:

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1748
Көп окулду
×