Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Жеңеке: Чоң-алайлык Рахат Миражанова жайлоодо бээ саап, мал союп, кийиздерди жасайт (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын 34 жаштагы тургуну Миражанова Рахат жеңе мал сойгондон тартып жайлоонун жашоосун жакшы билет. Учурда жолдошу Заир Раимкулов менен 4 баланы тарбиялап жатышат.

Рахат жеңе жайлоодогу кызыктуу окуялар, казан нандын таттуулугу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди. Ал жасаган тамакты кайын журту көп макташат.

«Жолдошумду кичине кезимден эле таанычумун. 19 жашка чыкканда экөөбүз баш коштук. Жолдошум ак көңүл, шайыр адам. Алгач келин болуп келгенде коркок болчумун. Кайын атам катуу сүйлөгөн киши эле. Башында сүйлөсө эле корко берчүмүн.

Бир жолу үйдө ойноп отурганбыз. Бир маалда кайын атам келип, "ишиңерди кылгыла" дегенде коркконумдан чочуп турганым эсимден кетпейт. Азыркыга чейин ошол күндү эстеп күлүп калам. Кайын журтум өтө жакшы адамдар. Мени өз кызындай кабыл алышты. Бир айылдан болгонум үчүн тамак-аш жасоодо кыйналган жокмун. Кайын энем дагы менин жасаган тамагымды мактап калат», - деди ал.

Рахат жеңе жайлоонун жашоосун да жакшы билет.

«Биздин айылда көпчүлүк жайлоого чыгат. Жайлообуздун аты Балыкты деп аталып, 4-5 үй катар отурукташканбыз. Жайы менен уй саап, бээ саап, курут, май даярдап, жүн сабап, кийиз жасайбыз. Айрыкча жайлоодо кийиздерди жууганда бизде майрам башталат. Анткени бардык келиндер чогулуп, суунун боюна казан асып, суу ысытып, кийиз жана паластарды жууйбуз. Атайын кийиз жууганга ылайыкташкан чоң таштар бар. Бул күн биздин балдарыбыз үкийизчүн да майрам болот.

Жайлоодо тандыр жоктугунан казандын тегерегине таштарды тизип, от жагып нан бышырабыз. Жайында жайлоодо көбүнчө балдарыбыз менен аялдар эле калабыз. Эркектер талаа иштери менен жүргөндө мал дагы соём.

Айылдын жашоосу алда канча жакшы. Абасы таза, суусу тунук, тынч болот. Айылдаштар кезектешип отуруштарды, ыр кеселерди уюштуруп турабыз. Мен ырга жокмун, жолдошум жакшы ырдайт. Аны тартып кичүү уулум да ырдап калат», - деди Рахат жеңе.

Ал кайындарынын төртүнчү келини.

«Жолдошум 10 бир тууган: 5 уул, 5 кыз. Биз 7 жыл кайын журтум менен чогуу жашадык. Азыр өзүбүз бөлүнүп чыкканбыз. Менин 2 уул, 2 кызым бар. Улуу кызым Сабира 7-класста, Бекмырза 5-класста, Мухаммедамин 2-класста окушат. Эң кичүү кызым Хадича быйыл 7 жашка толот», - деди ал.

Рахат айым жолдошу экөө мал чарбачылыктан тышкары дыйканчылык менен да алектенишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3036
Көп окулду
×