Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

АКИ-ТV: Балдарга ырайымсыз мамиле кылгандарга кандай чара көрүү керек? (Ош шаарынын тургундарынын пикири)

Turmush -  Ата-энелер өз балдарын катуу сабап, жарадар кылган көрүнүштөр өлкөбүздө да кайталанып жатат. Аларга кандай чара көрүү керек? Кандай жол менен алдын алууга болот?...

Мындай суроолорду аймактык кабарчылар Ош шаарынын тургундарына узатып, алардын пикирин угуп көрдү. Жооп узаткан шаардыктардын көпчүлүгү ата-энелердин өз балдарына көрсөткөн зулумдук тарбиянын жетишсиздигинен экенин айтышты. Алардын айтымында, өз канынан жаралган балага кол көтөргөн ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үй-бүлө куруу тууралуу кенен маалымат берүү керек. Ал эми айрым жашоочулар мындай көрүнөштөр жаш ата-энелердин турмушка даяр эместигинен улам чыгып жатканын белгилешет.

Калаа тургундарынын басымдуусу жаш балдарын кордогон ата-энелер мыйзам чегинде жооп бериши керек дешет.

Мындай окуя акыркы жумада эле Ош шаарында катталды.

Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы туруктуу оор. Жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.

Андан көп узабай баланы оор абалга жеткирген деген шек менен апасы кармалган.

Шектүү келин көрсөтмөсүндө: «Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз», - деди.

Өзүнүн баласын комага түшкөнчө сабаган 24 жаштагы Диана 2 айга камакта калтырылган. Анын баш коргоо чарасы 5-февралда Ош шаардык сотунда каралды.

Шектүү
Подозревамая в избиении 3-летнего Бексултана мать задержана

Ош облустук балдар ооруканасынан реаниматолог дарыгери Ташибай Алиевдин айтымында, баланын денесинде мурда да сабалган тактар бар.

«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Бала дары-дармектен кийин шок абалдан чыкты, бирок абалы оор. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат.

Баланы тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен. Тамакты шланг аркылуу берип жатабыз жана дары-дармектер жетиштүү. Мындай зомбулукту биринчи жолу көрүп жатам», - деди Т.Алиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1633
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×