Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 09.02.2018 10:50 На русском

Уурдабаган телефон үчүн 9 жылга камашты, өч алып жатам: 9 жолу соттолгон киши жарандардан 600 миң сом алдап алган (видео)

Turmush -  Ошто абакта жатып алып жарандардан 600 миң сомго жакын акча алдаган деп шектелген 37 жаштагы Мухаметали Абдивапов мындай кадамга өч алуу үчүн барган. Бул тууралуу ал тергөө учурундагы суракта билдирген.

Анын айтымында, ал Бишкектеги Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кытай өндүрүшүндөгү мобилдик телефонду уурдоого шектелип кармалган.

«Мени кармашканда жазамды өтөп бүткөндөн кийин алдамчылык менен алектенгенди токтотуп, Бишкекте өз күчүм менен ак иштейин деп жүргөнүмдү айттым. Алар мени борбордук мечиттен чыгып бара жатканда кармашты. Мен ал телефонду алган эмесмин, алар (милиция кызматкерлери) мени ишиндеги жыйынтык үчүн кармашканын айтышты. Ошол телефон үчүн мага 9 жылдык мөөнөт беришти. Адам өлтүргөндөрдү 8 жылга кесип жатышат. Адам өлтүрүү менен телефон уурдоонун айырмасы бар. Милициялардын мындай мамилесинен кийин өч алууну ойлоп, адамдарды алдап баштадым.

Телефон аркылуу адамдарды ишендирип, 50 миң, 70 миң, 100 миң, 150 миң сом алам. Бул аркылуу өзүмдүн чеберчилигимди көрсөткүм келди. Кытай телефон үчүн мени камашты, эми жөнөкөй жарандар менден жабыркап жатышат», - деди М.Абдивапов.

Окуя тууралуу:

Ош шаарында «жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды» деген жалган маалымат менен телефон аркылуу адамдарды алдап жүргѳн киши аныкталганы маалымдалган. Анын кылмышы Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин натыйжасында ачыкка чыккан болчу.

ШИИБдин маалыматы боюнча, шектүү — Ноокат районунун 1981-жылы туулган тургуну М.А. 2017-жылы бир нече адамды телефон аркылуу алдап, ири суммадагы акча алган. Ал буга чейин 9 жолу сот жоопкерчилигине тартылганы да белгилүү болду.

«Шектүү 2017-жылы жаза ѳтѳѳ мекемелеринин биринде жазасын ѳтѳп жатып, 7 адамды телефон аркылуу алдаган. Акчаны шериги (аял киши) аркылуу алып турган. Жасаган кылмыштары боюнча тиешелүү далилдер табылды. Анын негизинде мурдагы алдамчылык кылмыштар боюнча калган 9 жылдык жазага дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга Ош шаардык соту тарабынан эркинен ажыратылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү

Мухаметали Абдивапов

Жабырлануучулар анын үнүнѳн таанып, үн боюнча атайын экспертиза да иштеген.

«Ак-Тилек кичи шаарчасынын 1956-жылы туулган тургунуна (эркек киши) телефон чалып, "балаңыз унаа менен бирѳѳнү сүзүп ѳлтүрүп алды, тез арада 70 миң сомду Касымбеков кѳчѳсүнѳ алып келиңиз" деп алдаган. Жабырлануучу ага ишенип, 70 миң сомду айтылган дарекке жеткирип берген. Ушундай эле жол менен Ак-Тилек кичи районунун 1957-жылы туулган (аял киши) тургунунан 70 миң сом акчасын алдырткан.

Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургунуна (аял киши) анын уулунун атынан телефон чалып, "бирѳѳнү унаа менен сүзүп алдым, кутулушум керек, тез акча бериңиз" деп ыйлаган. Андан 60 миң сом, 35 миң рубль алдырткан. Ош шаарынын «Ак-Тилек кичи районунун 1966-жылы туулган тургунунан дагы "мен уулуңуздун досу болом, ал 6 жашар баланы унаа менен сүзүп өлтүрдү. Туугандарына 100 миң берүү керек, ооруканага алып келип бергиле" деп алдап, ал энеден 100 миң сом акча алдырткан.

Шектүү шериги менен жалпы 600 миң сомго жакын каражат жыйнаган. Учурда анын 1990-жылы туулган кылмыштуу шеригинин үстүнѳн тергѳѳ иштери жүрүп жатат», - деп билдирди Ош ШИИБ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×