Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

2,5 жаштагы уулун комага түшкүчө сабаган келиндин турмушка чыгып, балалуу болгонун ата-энеси билген эмес

Turmush -  Апасы катуу сабагандан бери комада жаткан 2 жаш 8 айлык Бексултандын абалы өзгөрө элек. Учурда дарыгерлер жардам көрсөтүүнү улантып жатышат.

Turmush басылмасынын кабарчысына Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева өз баласын сабап, камакка алынган келин тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Бексултандын апасы кичине кезинен өгөй эненин колунда тарбияланган. Ал 2014-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ата-энесине кабарын билдирген эмес.

Шектүү
Подозревамая в избиении 3-летнего Бексултана мать задержана

«Бексултандын апасы 2 айга камакта калтырылган. Биз аны энелик укуктан ажыратабыз. Азыр бала биздин башкармалыктын көзөмөлүндө турат. Биздин кызматкерлер тынымсыз кабар алууда.

Биз келиндин ата-энесин сүрүштүрдүк. Анын ата-энеси кичине кезинен ажырашып, атасы чоңойтуптур. 2 жашынан баштап өгөй эненин колунда өскөн. 2014-жылы үйүнөн чыгып кетип, дайынын билдирбей келген. Туугандары анын турмушка чыкканын, баласы бар экенин дагы билген эмес. Бирок алар жээн небереси Бексултанды багып алуудан баш тартышты.

Бексултандын апасы 3 бир тууган. Эжеси Казакстандын жашоочусуна турмушка чыгып, сиңдиси Москвада эмгектенет экен. Биз азыр кыздын бир туугандарын издеп жатабыз. Бала жакшы болгондо туугандарына өткөрүп беребиз, эгерде баш тартышса мамлекеттин кароосуна алынат. Асырап алуучу үй-бүлөлөрдү да издештиребиз», - деди Б.Токобаева.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери балага жардам берүү үчүн кан тапшырып келишкен.

-------------------------------------------------------

Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы туруктуу оор. Жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.

Андан көп узабай баланы оор абалга жеткирген деген шек менен апасы кармалган.

Шектүү келин көрсөтмөсүндө: «Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз», - деди.

Ош облустук балдар ооруканасынан реаниматолог дарыгери Ташибай Алиевдин айтымында, баланын денесинде мурда да сабалган тактар бар.

«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Бала дары-дармектен кийин шок абалдан чыкты, бирок азыр абалы оор. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат.

Баланы тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен. Тамакты шланг аркылуу берип жатабыз жана дары-дармектер жетиштүү. Мындай зомбулукту биринчи жолу көрүп жатам», - деди Т.Алиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22154
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×