Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Кара-Сууда 7 адам тамакка ууланды, 2 бала жандандыруу бөлүмүндө жатат

Turmush -  Кечээ, 12-февралда Кара-Суу районунда тамак-ашка ууланган 7 адам ооруканага түштү. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар кечки саат 20:00 чамасында райондук ооруканага кайрылышкан.

Жабырлануучулар:

- А.А., 1984-жылы туулган, Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Отуз-Адыр аймагынын тургуну;

- Ш.В., 1987-жылы туулган, Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Отуз-Адыр аймагынын тургуну;

- А.В., 1977-жылы туулган, Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Отуз-Адыр аймагынын тургуну;

- Б.К., 1986-жылы туулган, Савай айылынын тургуну;

- М.Махабат, 1983-жылы туулган, Кыш-Абад айылынын тургуну;

- Б.Б., 2015-жылы туулган, Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Отуз-Адыр аймагынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- Т.А., 2015-жылы туулган, Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Отуз-Адыр аймагынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын маалыматы боюнча, уулангандар ошол күнү бирге тамактанышкан.

«Уулангандар абысындар болгон. Ошол күнү алар чогулуп, чогуу тамактанып, өрүк шербетин ичишкен. Кийинчерээк баарынын абалы оорлоп, ооруканага кайрылышты. Тиешелүү текшерүүдөн кийин тамактан уулануу (ботулизм) болгон деп тыянак чыгарылды», - деп айтылат оорукананын билдирүүсүндө.

Дарыгерлер эскерткендей, адам ууланганда алгач көзүнүн көрүүсү начарлап, башы айланып, кусуп, ар кандай жагдайга учурашы мүмкүн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1734
×