Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Өзбекстандан келген окуучулар менен ноокаттык баскетболчулар мелдешти

Turmush -  Ош шаарында Өзбекстандын Наманган облусунан келген окуучулар менен Ноокаттан келген окуучулар арасында баскетбол боюнча достук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук олимпиадалык резерв боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары Вахид Каримов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Ош облусундагы окуучулар Ферганага барып келишкен.

«Ушул жылдын январь айында Өзбекстандын Фергана облусуна окуучуларды алып барып, мелдешке катышып келгенбиз. Бул чек ара ачылгандан кийинки достук жолугушуу болду. Биз азыр алар менен келишим түзүп, достук мамилени бекемдеп жатабыз. 9-12-февралга чейин Намангандан кыздар, балдар командалары келип, биздин ноокаттык командалар менен баскетбол ойноп кетишти. Буга чейин да волейбол боюнча кыздар командасы келип кеткен», - деди В.Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 371
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×