Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Ноокаттагы адырда койлорду жеп жаткан карышкырлардын бирин С.Муратов атып өлтүрдү (фото)

Turmush -  Ноокат районунда жашоочулардын короосуна чейин кол салып, мал-жандыктарды зыянга учуратып жүргөн карышкырлардын бири жок кылынды. Аны жергиликтүү мергенчи Садир Муратов атып өлтүргөнүн Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн Араван районундагы аңчы адиси, түштүк аймак боюнча ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Анын айтымында, 14-февраль күнү Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагына караштуу Кара-Кокту адырында жайылып жүргөн койлорго карышкыр кол салган. Ошол жерден 2 карышкырдын бирин Кыркол адырынан Садир Муратов атып өлтүрдү.

Буга чейин жашоочулар карышкырга байланыштуу арызданып келишкен. Анын негизинде карышкырларды жана чөөлөрдү атып жок кылуу максатында мергенчилер дайындалган болчу. Анын натыйжасында январь жана февраль айларында Садир Муратов шериктери менен бирге адырлардан 1 карышкыр жана 3 чөөнү атып өлтүргөн. Ал 20 жылдан бери мергенчилик менен алектенип келет.

Ал эми жыл башынан бери Ноокат районунун аймагында жалпы 13 карышкыр, 18 чөө атылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1593
Көп окулду
×