Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 16.02.2018 17:37 На русском

Кара-Кулжанын кар жамынган айылдары (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө баруучу негизги жол кар көчкүдөн ачыла элек. Бул тууралуу Ой-Тал айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ жаап баштаган кар бүгүнкүгө чейин уланды. Бүгүн, 16-февралда Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу айыл аймактарына баруучу негизги жолду толук ачуу иштери улантылып жатат. Ал эми, айылдардагы ички жолдор техниканын жоктугунан азырынча ачылбай турат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мектептер менен бала бакчалар билим берүүнү токтоткон жок. Ал эми кардын калыңдыгы эски кар менен кошкондо 1 метрден ашты. Айрым окуучулар мектепке өз алдынча бара албагандыктан ат менен жеткирип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×