Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуАлай району 20.02.2018 08:10

Алайда «Мыкты тарбиячы 2018» кароо сынагы өттү

Turmush -  Алай районундагы №5 бала бакчада «Мыкты тарбиячы 2018» сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, сынакка аталган бакчада эмгектенген 12 тарбиячы катышты. Алар бала бакчанын ишин ар тараптан чагылдырган түрдүү суроолорго жооп беришти. Айым катары ашканада тамак-аштарды жасоо, хоббилери жөнүндө маалымат беришти. Жыйынтыгында баш байгеге Гүлзыйнат Жакыпбаева ээ болуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасына, эс алуу үчүн атайын жолдомого ээ болду. 1-орунга Гүлсана Турдуева менен Гүлзина Керимбаева, 2-орунга Гүлмайрам Токонова менен Сымбат Дөдүева, 3-орунга Сайкал Сатарбаева жана Аида Аскарбековалар ээ болушту. Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×