Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Озгон 20.02.2018 13:48

Сириядагы согушту көрүп келген өзгөндүк жигит жердештерин алданбоого чакырды

Turmush -  Өзгөн, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунда 14-17-февраль күндөрү өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана диний экстремизмди алдын алуу максатындагы жыйындар өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин өкүлдөрү, укук коргоо органдары, дин комиссиясынын өкүлдөрү, ата-энелер да катышты.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Өзгөн районунда өткөн иш-чарада Сирияга барып келген 25 жаштагы жигит кайрылуу жасады. Ал Сирияда согушка күбө болгонун, ал жакта адашкандар жүргөнүн билгенден кийин качып келгенин айтып берген. Жердештерин Сирияга баруу сыяктуу ойлору болсо кечигип кала электе андай пикирден кайтууга чакырды.

Жолугушууларда көпчүлүк Сирияга адашып барып, өз убагында кайтып келген жарандарды эл менен жолуктурууну сунушташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×