Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Ноокатта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулардын унаасы окуучуну сүзүп кетти (видео)

Turmush -  Ноокат шаарындагы Абдуллаев көчөсүндө кечээ, 20-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн унаасы окуучуну сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр «Репортерго» билдирген.

«Видеодон биринчи унаа балдарды өткөрүү үчүн токтогонун, ал эми ЖКККБнын унаасы анын оң тарабынан чыгып, окуучуну сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Окуучуну ооруканага алып барышкан жок», - деп жазды окурман.

Бул окуя боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирүү жасады.

«Окуя 20-февраль күнү саат 16:20 чамасында Ноокат шаарындагы Ош көчөсүндө болгон. 2-класстын окуучусу — 9 жаштагы М.Р. жолдун тосмо менен бөлүнгөн жеринен өтүүгө аракет кылган. Анын ата-энеси медициналык жардамдан баш тартты. Бирок 21-февралда Ноокат ЖКККБнын кызматкерлери баланы медициналык мекемеде текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылган. Анын жыйынтыгында окуучу жаракат албаганы аныкталды.

Аталган факты Ноокат РИИБге катталды. Топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп, териштирүү иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2774
Көп окулду
×