Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуАраван району 26.02.2018 14:05

Юсупов айыл аймагын кайрадан Ш.Файзуллаев жетектейт

Turmush -  Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүн 12 жылдан бери башкарган Шукурулло Файзуллаев кайрадан айыл өкмөт башчы болуп шайланды. Бул тууралуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү жалгыз талапкерди колдоп добуш берген.

«Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан Шүкүрулло Файзуллаев шайланды. Ага 31 депутаттын ичинен 23 эл өкүлү добуш берген. Ал эми 8 депутат каршы чыгышты», - деди аким.

Айыл өкмөт башчыны шайлоо 24-февралда өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×