Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусуНоокат району 28.02.2018 09:36 Жаңыланды: 28.02.2018 18:50

Женева эл аралык мамилелер институтунда акысыз окуп жаткан А.Арзыева тажрыйбасы менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Швейцария жыл сайын чет өлкөлүк илим изилдөөчүлөр, докторантурада, магистратурада окууну каалагандар жана бакалавр даражасында билим алууну эңсегендер үчүн стипендияларды жарыялайт. Абройлуу окуу жайлардын бири деп эсептелген Женева эл аралык мамилелер институтунда докторантурада билим алып жаткан мекендешибиз Айкөкүл Арзыева бул окуу жайга өтүүнүн жолдору тууралуу кеп-кеңештери менен бөлүшүп, өзүнүн тажрыйбасын ортого салды.

Ал Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №78 мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм факультетинде билим алган. Андан соң Борбор Азиядагы Америка университетинде социология факультетинде окуп, Венгриядагы Будепешт университетинде 2 жыл магистратурада окуган. Кийин Борбор Азиядагы Америка университетинде социология сабагынан мугалим болуп иштеген. Учурда Женева эл аралык мамилелер институтунда докторантурада билим алууда.

Окуу жайга өтүүдөгү эң негизги эки шарт

- Эң башкы баскыч катары чет өлкөдө окуу үчүн чет тилин мыкты билүү шарт деп айтаар элем. Тил билүү негизги критерийлердин бири болуп саналат. Женева эл аралык институтуна өтүүдөгү шарттардын башында англис же француз тилдерин мыкты деңгээлде билүү турат. Англис тилинен IELTS же TOEFL сынактарынан жогорку упайга татыктуу сертификаты болууга тийиш. Мындан тышкары, Европада кеңири тараган Европа тармагындагы аналитикалык же критикалык ой жүгүртүүгө үйрөнүү керек. Мисалы, алар бала бакча, мектептеги курактан тарта анализ кылганды үйрөнүшкөндүктөн алардын көпчүлүгү үчүн аналитикалык эссе жазуу кыйын эмес. Ал эми биз ал жакта окууну кааласак анда ал форматта ой жүгүртүүнү жана жазууну үйрөнүшүбүз зарыл. Бул дагы окуу жайга өтүүнүн негизги шарты болуп саналат. Негизи академиялык жетишкендиктерге ээ жана чет тилдерин жогорку деңгээлде билгендер үчүн Швейцариянын өкмөтү же коомдук фонддору каржылаган бир нече акысыз стипендиялар бар. Бул стипендияларга татыктуу болуу үчүн жогорудагы шарттарга жооп берүү керек.

Докторантурада билим алуу

- Мага антропология илими көп жылдан бери кызыгуу жаратып келгендиктен аны изилдөө максатында бул институттун докторантурасына тапшырууну чечтим. Алгач интернет аркылуу Швейцариядан университетти таап, тийиштүү анкетасын толтурган соң, менин илимий ишиме жетекчи болуп бере ала турган профессор таптым. Докторантурага тапшырып жатканда сөзсүз түрдө жетекчи болушу керек. Эгерде студенттин жетекчиси болсо анда окуу жайга өтүүгө 50% мүмкүнчүлүк бар дегенди билдирет. Мен профессордун макулдугун алгандан кийин институтка документтеримди тапшырып өттүм. Азыр Кыргызстанга илимий ишим боюнча материал топтогону келдим. Докторлук ишимдин темасы: «Советтер союзу кулагандан кийин Кыргызстанда кайсыл баалуулуктар адам жашоосун багытка салып жатат». Ошону түшүнүүгө аракет кылуу болуп саналат. Бул багытта айылдарга барып жашап, изилдөө жүргүзүүдөмүн.

Женевадагы студенттин бир айлык чыгымы

- Женева эл аралык мамилелер институту абройлуу окуу жайлардын бири деп эсептелгени менен баасы салыштырмалуу арзаныраак. Окуу акысы бир жылга 8 миң долларды түзөт. Бирок Женева кымбат шаар экенин эске алганда бул баа салыштырмалуу арзан болуп калат. Жатакана үчүн айына 700 доллар, транспортко 100 доллардан жогору, камсыздандырууга 100 доллардан жогору болуп, тамак-ашын кошкондо бир студенттин бир айлык чыгымы окуусунан тышкары 1500 доллардай акчага айланат экен. Бул албетте кыргыз студенттери үчүн кымбат.

Өз элине абдан көм көргөн Швейцария

- Швейцария чет элдик мигранттардын келишине кызыкдар болболсо дагы аларга карата катуу талаптар жана эрежелер орнотулган. Мисалы, алар ишти 10, 25, 50,100 пайыз деп бөлүп коюшат. Эгер окуудан тышкары иштейм деген студенттер 6 айдан кийин 25%дык жумушта иштей алышат. Бир эле жумуш ордуна талапкерлер көп. Швейцария өз элине абдан көм көрөт жана жергиликтүүлөр жалаң системалык камсыздандырууга көнүшкөн. Мисалы, жергиликтүү студенттер Чыгыш Европа же башка өлкөлөрдөн келген студенттерге салыштырмалуу атаандашууга көп деле умтулушпагандай сезилет. Жогорку моралдык стандарттарга ээ. Бир багытка же эрежеге салып койгондой жашашат. Ал эми башка өлкөлөрдөн келген адамдар салыштырмалуу бардык ресурстарды колдонуп калууга аракет кылышат. Бардык жерде эрежелер иштейт, анын арты менен катуу тартип орнотулган. Мисалы поезддери секунда, мүнөт дагы кечикпей жүрөт.

Жандуу пикир алышуу жетишпегендей...

- Европада бирөөгө өзүңдүн көйгөйлөрүңдү айтуу этикага жатпаган көрүнүш болуп саналат. Жумушуң, окууң, макалаң жөнүндө же болбосо профессионалдык багыттагы маселелер боюнча сүйлөшүүгө болот. Бирок, жеке маселелерди айтууну белгилүү бир чектен өткөндөй кабыл алышат. Жеке көйгөйлөр боюнча алар көбүнчө психотеропевтке кайрылышат. Мындан улам мага Европада өзүм үчүн жандуу пикир алышуу бир аз жетишпегендей сезилет...

Бул өлкөдө жүрүп мен өзгөрүүлөргө ачык болгонду, жаңы нерселерди кабыл алганды үйрөндүм. Анткени, кайсыл жерге барбайлы өзүнүн тартиптери, эрежелери болот эмеспи. Көз карашы калыптанып калган адамга башка тартиптерди кабыл алуу бир аз оор болот экен..

Адамдык баалуулуктар өзгөргөндө…

- Мен Европаны жакшы көрөм. Бирок Кыргызстанда жашагым келет. Себеби жыл өткөн сайын адамдын баалуулуктары өзгөрүп баштайт экен. Мисалы, акчаң жетиштүү болуп, бейпил жашоо өткөрүп жатсаң дагы эгерде өзүңдүн мекениңде болбосоң булардын баары аздык кылат. Себеби, ата-энеңди, бир туугандарыңды сагынып, алар менен убакыт өткөрүп, дос, курбуларың менен баарлашкың келет экен. Баары бир куса болосуң.

Чет элдик туристтерди кабыл алуудагы көйгөйлөр

- Мен 21 жашымдан баштап туризм тармагында иштеп, азыркыга чейин бир нече туристтик фирма менен иштешем. Көбүнчө чет элдик туристтерди Караколго, Ак-Сууга, Ала-Көлгө, Соң-Көлгө, Сары-Челекке алып барабыз. Мен көбүнчө англис тилинде сүйлөгөн туристтер менен иштешем. Алар Автралиядан, Жаңы Зеландиядан, Англия, Сингапур, Америка жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор.

Туризм Кыргызстанда мындан да чоң тармакка айланат деп ойлойм. Инфраструктура боюнча көп көйгөйлөр бар, аймактарда азыркыга чейин дааратканалар жок, тазалык жагынан бир топ аксайбыз. Биздин табиятыбыз башка өлкөлөргө салыштырмалуу массалык туризм менен тепселендиге учураган эмес. Бирок дагы 5-10 жыл табиятка ушундай мамиле кылсак туристтердин саны азаят деп ойлойм. Анткени кайсыл жерге барбайлы таштандыларды көрөбүз. Бизде кыргыздар табиятты сыйлайбыз деп көп айтышат, бирок практика жүзүндө андай эмес. Ошону үчүн азыркы глобалдашкан жашоодо табиятка кантип мамиле кылуу боюнча массалык түрдө билим берүү жана санкциялар керек деп ойлойм. Бул багытта комплекстүү иштерди алып баруу керек.

Туризм жаатында жаңы форматта иш алып баруу..

- Чет элдик туристтердин көбү биздин элди абдан жакшы көрүшөт. Өзгөчө чын дили менен жылуу мамиле кылган учурда ыраазы болуп кетишет. Өз өлкөсүнө чакырган учурлар да болот. Туристтерге негизинен маалымат берүүчүлөр гиддер. Бирок жергиликтүүлөр туристтер менен өз ара пикир алышкан учурлар аз. Буга тил дагы себеп. Көп учурда жергиликтүү эл конок элдин жашоосу жөнүндө туура эмес маалыматтарды алып жүргөндөй. Ал эми өзүбүздүн маданияттын дагы көп элементтери шоуга айланып бараткандай. Анткени көп учурда туристтерге мактанып жасаган нерсени күнүмдүк жашоодо колдонбойбуз. Бирок өзүбүз үчүн маанилүү нерселер бар деп ойлойм. Ушул тармакта буюрса келечекте жаңы форматта иш алып баргым келет.

Жаштар куру намыска алдырбай…

- Мен чет өлкөгө чыгып, билим алып келген адамдарды башкаларга үлгү катары көрсөткүм келбейт. Анткени ар кимдин шарты, эңсеген нерсеси ар кандай. Ар бир адам өзүнүн ишин мыкты билсе, жашоосун куруп кете алат деп ойлойм. Өзгөчө жаштар куру намыска алдырбай, жөн эле биздин экономикада муктаждык жок кесиптерге ээ болуп, убактысын текке кетирбесе жакшы болот беле деп ойлойм. Мисалы чет өлкөдө 35 жаштан өткөн адамдар деле официант болуп иштешет. Бизде жаштар арасында мындай кесиптерди уят катары кабыл алган тенденция байкалат. Тескерисинче жаш кезде өзүн ар тараптан сынап көрүш керек деп ойлойм. Өзүнүн ишин таап, бир өнөрдү өздөштүргөн соң анын майын чыгарып жасоо маанилүү. Эгерде стипендия же грант аркылуу билим алууну эңсесе анда ошого жараша даярдык көрүш керек. Чет өлкөлөрдөгү окуу жайлардан билим алуу бул теориялык жана практикалык жактан дагы жакшы тажрыйба топтоого болот. Көп нерселер биздин практикабызга туура келбеген учурлар болот, анткени өлкө, эл, маданият башка, бирок баары бир адамдын аң сезими өзгөрөт, билими, тажрыйбасы кеңеет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×