Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 03.03.2018 16:28

Ош—Бишкек жолунда «Тойота Авенсис» менен кагышкан «Дэу Лабо» унаасы оодарылып кетти (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 626-чакырымында жол кырсыгы катталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык бүгүн, 3-мартта саат 16:00 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 626-чакырымында тактап айтканда Өзгөн районунун Куршаб айылында катталган. Анда «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен «Дэу Лабо» унаасы кагышкан. Натыйжада экинчи унаа оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын кызматкерлери келип, окуяны териштирүүгө алышкан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×