Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Ош—Бишкек жолунда май ташыган унааны башкарып бара жаткан айдоочу каза болду (фото)

Turmush -  3-март күнү Ош—Бишкек жолунун 618-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа даракты сүзүп токтогон. Окуянын себебин териштирүү иштеринин алдын ала жыйынтыгы боюнча, кырсыкка чейин айдоочунун жүрөк оорусу кармаган.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 1961-жылы туулган айдоочу унаасы менен Өзгөндүн Кароол айылына жеткенде жүрөк оорусу башталган. Андан көп узабай унаа бакты сүзүп токтоп, айдоочусу көз жумган. Кырсыктан башка адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1022
Көп окулду
×