Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Айыл турмушу: Алайлык Сыдык Тайлаковдун чарбасындагы топоздор 500дөн ашты (фото)

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү Көл-Чаты айылынын тургуну Сыдык Тайлаков 20 жылдан бери айылдаштарынын 500дөн ашуун топозун багуу менен алектенет. Айылдагы 31 үй-бүлө өздөрүнө тиешелүү топоздорун анын чарбасына ишенип беришкен.

Сыдык мырза жаш кезинен эле топоз багууну жакшы өздөштүргөн. Союз тарагандан тартып топоз чарбасын өзү көзөмөлгө алганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Биздин айылда мурунтадан эле топоз чарбасы бар эле. Союз тарагандан кийин ал чарбаны колго алгам. Учурда өзүмдүн 60 баш топозум болсо, 450дөн ашуун топоз элге караштуу. Алар суукка, тоо-ташка ыңгайлашкан жаныбар. Биз мамалактарына гана тоют камдап, чоңдору кышы-жайы талаадан келбейт. Бирок алардын душманы да бар. Алар — карышкырлар.

Учурда (март айы) топоздор төлдөп жаткандыктан, ар бир жылгадагы топоздорду кезеги менен алып келип, төлдөгөн топоздору алып калып жатабыз. Мамалактары жакшы тоюп алса эч кимге карматпайт», - деди ал.

Коркунучтуусу топоздун балдарына карышкыр уктап калганда кол салып, көтөрүп кетет.

«Биз 1 жаштагы мамалактарды да талаага чыгарбайбыз. Анткени алар өздөрүн жакшы коргой алышпайт. Жаңы туулган мамалактар да короодо багылат. Энесине кошуп талаага чыгарсак карышкырлар көтөрүп качат. Карышкырлар мамалактардын уктаган мезгилин байкап турушат экен.

Айрым топоздор тоодо жүргөндө тууйт. Аларды да короого алып келебиз. Адатта топоздор топ-топ болуп жүрүшөт», - деди ал.

Ал эми топоздорго карышкырлар көбүнчө үйүр болуп кол салышат.

«Бир үйгө 50-60 топозду кошобуз. Бир карышкыр бир топозду жыга албайт. Карышкырлар да үйүр болуп келип, башка топоздорду алаксытып, бирөөнү четтетип алып тамакташат. Быйыл да карышкырлар көп болду. Бизге жардам көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүбүз атайын Оштон мергенчилерди алып келип, карышкырларды аттырды. Биз дагы төл учурунда кезек менен чыгып, топоздорду карышкырдан коргойбуз», - деп кошумчалады С.Тайлаков.

Учурда топоздор мал менен бирдей бааланып, бир баш топоздун орточо баасы 40-50 миң сомду түзүүдө. Топоздун баласы мамалак, 2 жаштагысы — тай торпок, 3 жаштагысы — кунан, 4 жаштагысы — бышты, 5 жаштагысы — асый деп айтылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3228
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×