Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 09.03.2018 14:40

Кенжегул айылындагы унаа жолго тургундар өздөрү шагыл төгүштү

Turmush -  Кара-Суу районундагы Кенжегул айылынын тургундары өздөрү демилге көтөрүп, 3,5 чакырым жолго шагыл төгүштү. Бул тууралуу айылдагы жаштар коомунун төрагасы Сыдык Исиров билдирди.

Анын айтымында, айылдагы жаштар ички чарбалык жолдун абалын жакшыртууну максат кылышкан. Жыйынтыгында бул сунуш 1985-жылы төрөлгөн жигиттердин демилгеси менен ишке ашты. Мындан сырткары арыктарга кичине көпүрөлөр орнотулду.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жолдорго буга чейин мамлекет тараптан эч кандай көңүл бурулган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×