Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Кара-суулуктар алгачкылардан болуп ишембиликке чыгып, 900 көчөт отургузушту (фото)

Turmush -  Оштогу Кара-Суу районунун аймагындагы дин кызматкерлери алгачкылардан болуп массалык түрдө ишембиликке чыгышты. 10-мартта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү демилгеси менен уюштурулган иш-чарага райондогу 200дөн ашуун мечиттин имамдары, диний окуу жайлардын окутуучулары, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты, деп билдирди Ош облустук казыяттын басма сөз кызматы.

Ишембилик учурунда диний объектилер, көрүстөндөр, карыялар үйүнүн айланасы тазаланып, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, жолдун боюна, мечиттердин жана диний окуу жайлардын айланасына 900гө жакын алма, өрүк, терек, арча жана гилас көчөттөрү отургузулду.

Мындай ишембиликтер Ош облусунун аймактарында улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 648
Көп окулду
×