Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.03.2018 16:01

Куршаб айыл аймагынын башчысына депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан бошотулду

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Белекбай Оморовго жергиликтүү кеңештеги 28 депутат ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматын өктөрүп берди. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Бактыяр Табытбек уулу кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы эл менен жакшы иштеше алган жок.

«Элдин нааразычылыгынан улам айыл өкмөт башчы иштен кетти. Жыйынга катышкан 29 депутаттын ичинен 28 депутат ишенбестик көрсөткөн. Жалпы 31 депутат бар. Биз чечим чыгарып, Өзгөн районунун акимине жөнөткөнбүз. Акимдин буйругу менен айыл өкмөт иштен кетип, учурда орун басары Мамырбек Сазанов убактылуу башчынын милдетин аткарууда. Биз акимдин буйругун аймактык шайлоо комиссиясына жөнөткөнбүз. Азырынча качан шайлоо болоору белгисиз», - деди Б.Табытбек уулу.

Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Белекбай Оморов 2017-жылдын январь айында шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Белекбай Оморов 16 добушка, Жуманазар Калбаев 3 добушка, Алтынбек Ташиев 12 добушка ээ болушкан.
Б.Оморов
Белекбай Оморов
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×