Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 13.03.2018 11:59

Ош шаардык кеңеши мэрден отчёт алып, бир катар маселе талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Ош шаардык кеңешинин 12-сессиясында калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев 2017-жылы аткарылган иштер тууралуу отчет берди.

Сессиянын жүрүшүндө депутат Элмира Өмүралиева Сулайман-Тоону жашылдандыруу зарылдыгын жана таштанды талаанын жанында жашаган эл жагымсыз жытка чыдабай калганын айтты. Шаар мэри Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карай турганын, ал эми таштанды таштоого Ноокат, Кара-Суу районунун аймагынан жер каралып жатканын айтты.

Ошондой эле, айрым депутаттар бала бакча, мектептеги директорлордун айрымдары 35 жылдан бери алмаша электигин белгилеп, көзөмөлгө алууну сунушташты. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар ипотекадан түшкөн акча жана мыйзамсыз курулуштар тууралуу да суроо узатып, Ош шаарынын бюджетинде ипотекалык шартта берилген батирлерден түшкөн 174 млн сом бар экени белгилүү болду. Ал каражат кайда жумшала турганына депутат Алимжан Байгазаков кызыкты.

Анын айтымында, ипотекадан түшкөн каражат банктардын биринде сакталып турат.

«Ал банк жылына 20 млн сом кошушу керек. Бул каражат 3 жылда 60 млн сомго жетиши керек эле. Бирок ал каражаттын суммасы ошол бойдон эле турат», - деди ал.

Ош шаардык жеке турак жай куруу жана жер пайдалануу департаментинин башчысы Кутманалы Абдрахман уулу ипотекадан түшкөн каражат буга чейин 31 млн сом болгонун, анын көлөмү быйыл гана 174 млн сомго чейин жеткенин айтты. Ал каражат курулуш тармагына гана коротулат.

Депутат Мирлан Аматбеков мыйзамсыз курулуштар тууралуу суроо узатып, Шейит-Дөбө аймагында көп кабаттуу үйдүн курулушу канчалык мыйзамдуу экенине кызыкты. Шаар мэри мыйзамсыз курулуштар боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, Ак-Буура дарыясынын жээгинде эле 18 мыйзам бузуу бар экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×