Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 13.03.2018 14:15

Төлөйкөндөгү жер чыры: Жер талашкан бир туугандардын иши сотко чейин жетти (видео)

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундары жер тилкелердин мыйзамсыз сатылышы боюнча президентке кайрылуу жолдошту. Тургундар айыл өкмөттүн жер адиси бир эле тилкени 2-3 адамга жең ичинен сатып, көптөгөн адамдар жерсиз калганын айтууда.

Төлөйкөн айылынын тургуну Марсо Абулазисов жер адистин күнөөсүнөн бир тууганы экөөнүн ортосундагы туугандык байланышка доо кеткенин айтты.

«Биз атайын президентке кайрылып жатабыз. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси бир нече адамды кыйнап келет. Ага эч кимдин күчү жетпей жатат. Мен балдарым үчүн алган жерди да ал адис бир тууган иниме берип, ал үй куруп койгон. Учурда эки бир тууган соттошуп жатабыз. Жер адисти жоопко тартууну суранабыз», - деди ал.

Төлөйкөн айылынын тургуну Жалал Жумабаев да 3 уулу үчүн 12 жыл мурда алган жерден кол жууганын айтууда.

«Биздин айыл өкмөттүн жер адиси 3 айылдын элин кууратып бүттү. Учурда үлүш жерлерди дагы сатып жатат. 2016-жылы алган жерлерди кайрадан документ жасап сатууда. Мен 2016-жылы 3 уулума алган жер тилкени үй курбай жатасың деген шылтоо менен тартып алуу аракетин көрүп жатышат.

Балдарым чет өлкөгө иштегени кетип, биринин жансыз денеси келсе, бири майып болуп калды. Мен өзүм ал жерге үй тургуза албайм. Учурда менин жеримдин үстүнөн документ жасап, башка адамдарга сатууга аракет көрүп жатышат», - деди Ж.Жумабаев.

Төлөйкөн айылынын тургундары учурда айыл эли эки тарап болуп бөлүнүп калганын, жайыт жерлер башка жактан келген тургундарга берилип жатканын дагы кошумчалашты.

Ал эми, айылдыктар күнөөлөп жаткан жер адисинин бир тууган агасы Кадыр Айбашовдун пикиринде, мындай коррупциялык иштерге башка жетекчилердин дагы катышы болушу мүмкүн.

«Жерлердин сатылышы боюнча бир катар органдарга кайрылдык, бирок жооп келбей жатат. Район акимине барганыбызда ал бул маселени чечип берерин айтып, бирок чече алган жок. Баардыгы бир команда болуп алып, каалаганын жасап жатышат окшойт. Айыл өкмөт башчысына кайрылганыбызда биздин маселени карабай, биз менен урушуп, жакалашканга чейин барган.

Жер адиси каалаганын жасап, элди кыйнап жатат. Бирок айыл өкмөт башчысы, район акими ага чара көрбөй, элдин жер талашы чырга айланып жатат», - деп белгиледи К.Айбашов.

Бирок мындай дооматтарды Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов четке какты.

«Жергиликтүү тургундар жерлер мыйзамсыз сатылды деп эсептесе укук коргоо органдарына кайрылсын. Аны текшерип чыга турган атайын органдар бар. Жерлер мыйзамсыз сатылган эмес. Тургундар акимге кайрылган учурда атайын комиссия түзүлүп, текшерип чыгышкан. Эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган жок. Эгер жер адиси мыйзамсыз жер берсе жооп берет», - деди А.Абдукаримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×