Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 13.03.2018 15:18

Ош облустук прокуратурасы курулушу боюнча кылмыш иш козгогон бала бакча пайдаланууга берүүгө даяр

Turmush -  Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы 75 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Каримжан Турдумаматов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бала бакчанын курулушу 2016-жылы башталган.

«Бала бакча мамлекеттик бюджеттен 20 млн сомго курулуп жатат. 2016-жылы курулушу башталган. Өткөн жылдын декабрь айында толугу менен бүткөрүлгөн. Бирок пайдаланууга берүүгө уруксат берилген эмес. Курулуштун сапаты жазында билине турганын айтышкан эле. Ал эми айыл өкмөт жерин гана бөлүп бергенбиз», - деди К.Турдумаматов.

Буга чейин Башкы прокуратура бул бала бакчанын курулушу боюнча Ош облустук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жызы кодексиндеги 315-берене (кызматтык жасалмалуулук), 304-берене (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу), 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) жана 221-берене (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогонун кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×