Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Бишкек 13.03.2018 15:36

Өлкө аймагында жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, - 14-мартка карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 14-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -2...+3
күндүз +1...+6

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -3...+2
күндүз 0...+5

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +1...+6
күндүз +5...+10

Баткен облусунда
түнкүсүн +2...+7
күндүз +5...+10

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн 0...+5
күндүз +4...+9

Нарын облусунда
түнкүсүн 0...-5
күндүз 0...+5

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +1...+3 градус, күндүз +4...+6 градус болот.

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +3...+5 градус, күндүз +7...+9 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×