Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 13.03.2018 18:05

Бул жылы «Алай» футбол клубунун бюджети 20 млн сомго жетти

Turmush -  Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун 2018-жылдагы бюджети 20 млн сом болуп бекитилди. Муну менен футбол клубдун бюджетине быйыл 1 млн сом кошулду. Бюджетти бекитүү тууралуу акыркы чечим Ош шаардык кеңешинин бүгүн, 13-марттагы сессиясында кабыл алынды, деп билдирди кабарчы.

Кыргызстандын чемпиону аталган «Алай» футбол командасынын бюджети көбөйтүлө турганын өткөн жылы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев айткан болчу.

Бүгүн, 13-мартта Түркмөнстанда Азия футбол конфедеренциясынын кубогунун алкагында «Алай» клубу менен Түркмөнстандын «Ахал» клубу беттешти. Оюндун жыйынтыгында кыргызстандыктар 0:5 эсебинде жеңишти алдырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×